Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында жазылат.
Ага ылайык, анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат.
Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.
Өлкөнүн бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
  • Ош облусунда – 44;
  • Жалал-Абад облусунда– 12;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 69;
  • Талас облусунда – 43;
  • Чүй облусунда – 12;
  • Ош шаарында –1;
  • Бишкек шаарында – 1.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан