Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстандын аскерлери менен эмес, эл аралык масштабдагы террористтер менен кармашты. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Биздин аскерлер жөнөкөй тажик солдаттары менен кармашкан жок. Биздин аскерлер эл аралык масштабдагы Ооганстандан Эмомали Рахмон алып келген эл аралык террористтер менен аябагандай кармашты. Ошондуктан бизди коргоп жаткан жоокерлерге терең таазим кылып, ыраазычылык билдиришибиз керек", - деди ал.
Мындан тышкары Жусупбек Коргонбай уулу чек арага жакын жашаган тургундардын армияга жарактуу мүчөлөрүнө курал-жарак таратуу керектигин айтты.