Таласта аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Талас району жана Талас шаарындагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалыматында жазылат.
Маалымдалгандай, каражат аз камсыз болгон үй-бөлөлөргө бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн берилди. Сертификаттарда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова тапшырган.
"Азыркы учурдагы Баткен облусундагы кырдаал барыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп турат, бирок экономикабыздын өнүгүүсүнө ар бирибиз өзүбүздүн тармагыбызда салым кошуп, жакырчылыктан чыгуу максатында активдүү иш-чараларыбызды улантууга милдеттүүбүз" - деген Полотова.
Иш-чаранын негизги максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо. Аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандыруу. Ошондой эле алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү. Мындан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарын түзүү.
Талас району жана Талас шаары боюнча 138 бизнес долбордон тандалган. Анын ичинен 50 долбор мал чарбачылык, тигүүчүлүк, нан азыктарын бышыруу, ширетүү, унаа оңдоо, бал өндүрүү, күнөскана жана мончо уюштуруу, такси жана желимдөө кызматтарынын көрсөтүү чакан бизнес багыттарын камтыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан