Өлкөдө кондиционерлерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок кондиционерлерди ташып кирүү фактысын аныкташты.

Мекеменин маалыматына ылайык, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда жалпы суммасы 1 миллион 400 миң сомдук GREE маркасындагы 34 даана кондиционерди ташып бара жаткан автоунаа кармалган.

Импорттоочунун коштомо кагазында аталган товар белгиленген эмес. Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн прокуратура органына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан