Тажик тарап чек арадагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар эмес. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов УТРКнын түз эфиринде билдирди.
Тажикстандын кол салуусу башталганда Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда ШКУнун саммитинде болгон. Марат Иманкуловдун айтымында, Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен Самаркандда да жолуккан. Бирок күтүлгөн жыйынтык болгон эмес.
"Эсиңиздере болсо былтыр 29-апрелдеги окуядан кийин президент Эмомали Рахмонго барууну чечкен. Коомчулук муну колдобой турганын, ага карата сындар болорун билип туруп кеткен. Эмне себептен? Сындаса дагы өзү менен жолугайын деп кеткен.
Кайтып келгенден кийин Садыр Жапаров Рахмон менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин, көңүлү калганын билдирди. Президент "Такыр түшүнбөгөн неме экен. Анын чек ара маселесин чечүүгө ниети жок экен" деп келген. Ошондон кийин баары кайталана турганын түшүндүк, эл да түшүндү", - деди Иманкулов.