Бүгүн, 21-сентябрь саат 11:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жаракат алган 137 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, жалпы 198 жаран жаракат алса, анын ичинен 61 жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
"Бейтаптар бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп, дары-дармек жана кан компоненттери менен камсыздалган. Мындан тышкары Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана башка аймактардан келген дарыгерлер кайтып кетишти.
Учурда Лейлек райондук дарыгерлердин практикалык борборунда 7, Баткен облустук бириктирилген ооруканасында 2 бригада иш алып барууда. Мындан тышкары 22 психолог жеринде жардам көртүүдө", - деп билдирди ал.
Белгилей өтсөк, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 59 жаран курман болду.