Жалал-Абад шаарынын тургуну Салыибраим Ташбаев жалпы суммасы 108 миң 500 сомду түзгөн керектүү буюмдарды Баткен элине жардам иретинде жиберди.
Салыибраим атага байланышканыбызда, маалыматты тастыктап, буларга токтолду:
“Менин 7 уулум бар. Жакында эле уулдарымдын бирине үй салып бүтүрүп, элге той бергенбиз. Андан көп узабай эле Баткендеги окуя башталып кетти. Уулумдун жаңы үйүнө деп алынган бардык буюмдарды топтоп Баткенге жиберели деп чечтик. Буюмдардын арасында тойдо туугандар тарабынан алып келинген килем, палас, жууркан-төшөктөр да бар. Ал жакта эл үй-жайы күйүп отурса, жок дегенде бир же эки үйдүн керектөөсүнө жарап калат деген ойдо жибердик. Уулумду эми жаңы үйүнө кийинки жылы чыгарабыз. Бул чечимге балам өзү да макул болду”, - дейт Салыибраим ата.
Салыибраим Ташбаев 73 жашта. Учурда пенсияда.