Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон 19 жаштагы жоокер Айдарбек Айбеков армияга 2021-жылы 8-сентябрда кызмат өтөөгө кеткен. Бул туурасында атасы Айбек Каракозуевге байланышканыбызда билдирди.
Айдарбек Айбеков Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Камыш-Башы айылында 2003-жылы туулган.
"Балам үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси болчу. 2021-жылы 8-сентябрда армияга кызмат өтөөгө кеткен. 10 күн ичинде үйгө келип калмак. Акыркы жолу 3-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Андан кийин байланыш болгон эмес. Армиядан келгенден кийин аскер тармагында ишин улантам дечү", - деди Каракозуев.
Ал эми жоокердин апасы Сабиракан Алипова уулу программист болууну каалап келгенин, армияга баргандан кийин аскер кызматын улантууну көздөп калганын айтты.
"Балам көп ачылып сүйлөбөгөн, бир мүнөз бала болчу. Армиядан келгенде окуу жайга тапшырам деп жаткан... Армияга баргандан кийин аскер кызматын аркаласамбы деп айтып калган", - деди Алипова.