Бишкекте бир нече көчөнү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.
Ч.Айтматов кең көчөсү–Масалиев көчөсү, Байтик Баатыр-Масалиев, Карл Маркс -Горький, 7-апрель –Горький көчөлөрү, Чүй кең көчөсү-Фучик көчөсү жана Жибек-Жолу кең көчөсү-Кулиев көчөсү.
Ошондой эле Жайылма көчөсүнүн Мессароша көчөсүнөн Набережная көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.