Бишкектин тургундары Баткенде жабыркаган жарандар үчүн кан тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, донордук кандын жетишсиздигине байланыштуу Биринчи Май акимчилиги кан тапшыруу пунктун уюштурган.
Республикалык кан борборунун көчмө бригадасы 40тан ашык каалоочуну кабыл алган, бирок сурамжылоо учурунда 23 адам донор боло алган. Жалпысынан 10,3 литр кан алынган.
Бул акция кызматкерлердин иш убактысын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандар үчүн ыкчам кан алуу максатында уюштурулду. Акцияга Биринчи Май районунун акимчилиги, кызматтары жана шаар тургундары катышты.