"10 жылга чейин эркинен ажыратылат". Элчилик Кыргыз жарандарын Орусиядагы согуштук аракеттерге катышпоого чакырды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусия Федерациясынын аймагында согуштук аракеттерге катышкан жарандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган өлкөдө убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышкан учурда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет.

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келип түшкөн учурда, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө токтоосуз кайрылыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlan_87
2022-09-21 18:10:00
Согушкунар келсе Баткенге баргыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан