Чек арада шейит кеткен Эрлан Турсунбаевдин агасы: "Командир болгонуна 2 ай болуп калган"

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан шейит кеткен Эрлан Турсунбаев Тамдык чек ара заставасынын командири болуп дайындалганына 2 ай болгон. Бул туурасында агасы Нуржан Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү Токтогул районунун Көтөрмө айылында 19-сентябрда жерге берилди.

Эрлан Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 1996-жылы туулган. 2012-жылы Кара-Балта шаарындагы Раззаков атындагы техникалык институтунун экономика жана бухгалтерия кесибине ээ болгон. 2015-2019-жылдары Казакстандын Алмата шаарындагы улуттук коопсуздук комитетинин чек ара академиясын аяктаган. Андан соң офицер болуп Баткен облусунда кызмат өтөгөн.
"Эрлан Баткендеги Тамдык чек ара заставасынын командири болуп дайындалганына 2 ай болуп калган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжеси болчу. Үйлөнө элек. Акыркы жолу байланышканыбызда абал тынч деп жаткан. Кийинчерээк 2 күндөй байланыша албай калдык. 16-сентябрда каза болгон экен. Биз суук кабарды 18-сентябрда уктук", - дейт агасы Турсунбаев.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты шейит кеткен маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан