“Мындан кийин да кызмат өтөп, мекенимди коргой берем” дейт 20 жаштагы чек арачы Рустамбек Асылбек уулу.
Ал Тажикстандан барымтадан чыгарылып келген 4 аскер кызматкеринин катарында болгон.
“Ден соолугум жакшы. Азыр медициналык кароодон өтүп жатабыз. Жанымдагы 3 аскердин абалы өтө жакшы эмес. Баары жарадар болгон. Биринин бутуна, дагы биринин желкесине ок тийген. Учурда дарылануудан өтүп жатышат. Негизгиси мекенибизге аман-эсен кайтып келгенибизге сүйүнүп жатабыз. Бирок мекен үчүн жасай турган кызматыбыз токтобойт, уланат. Ар дайым Ата Мекен астында, элибиз, жерибиз үчүн ак кызматыбызды жасай беребиз”, - дейт Рустамбек.
Ал эми Рустамбек Асылбек уулунун апасы Гүлзат айым уулу бала кезинен эле аскер кызматкери болууну самаганын айтат.
“Баламдын аман-эсен келгенине сүйүнүп отурабыз. 4 уул, 1 кызым бар. Тажик тараптан куралдуу кол салуу башталганда үй-бүлөбүз менен Кызыл-Кыя шаарына качып кеткенбиз. Балдарым дагы эле ошол жакта. Мен уулумдун жанына келдим. Азыр Баткен шаарындагы ооруканадабыз. Балам мындан ары да кызматымды улантам деп турат. Биз дагы каршы эмеспиз. Эр азамат катары мекенибизди коргошу керек. Бирок жергебизде согуш болбой, тынчтык гана болушун тилейм”, - дейт Рустамбектин апасы.
Рустамбек Асылбек уулу Баткен районуна караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну. “Достук” чек ара заставасында келишимдик негизде кызмат өтөп келет.
Тажик тарап Баткен районунун “Достук” чек ара заставасына мыйзамсыз бастырып кирип, курал колдонуп, кыргыз аскерлерин барымтага алып кеткен. Алар УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баш болгон жетекчилердин тажик тарап менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанга алып келинген болчу.