Жалал-Абад шаарында Баткенден келген жарандарга 100 орун даярдалды

Жалал-Абад шаарындагы "Бакыт" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 100 орун даярдалып, Баткен облусунан келген жарандарды кабыл алууда. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Ага ылайык, шаардагы окуу жайлардын жатаканалары да Баткенден келген жарандарды кабыл алууга даяр абалга келтирилди.

"Учурда шаарда Баткенден 100гө чукул жаран келди. Алардын басымдуусу туугандарынын үйүндө жашап жатат.

Ал эми бир үй-бүлө "Бакыт" ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жайгаштырылды. Жарандардын баарына азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана психологдордун жардамы көрсөтүлүүдө", - дешти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlan_87
2022-09-21 18:13:00
Баткендин тургундарын ар кайсы жерге таратып жибербей өз жерлеринде мыкты шарт түзүп бериш керек. Баткенге барып иштейм, жашайм дегендерге бекер үй, жогорку айлык, пенсия төлөнүп бериш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан