Кайрымдуу жүрөк карыбайт. ИИМдин Ички аскерлеринин полковниги Съездбек Досбаев тез арада операцияга муктаж

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин полковниги Досбаев Съездбек Абдылдаевич боордун цирроз оорусуна чалдыгып, тез арада операцияга муктаж. Бул тууралуу Досбаевдин жакындары билдиришти.

"Акыркы 5 жылдан бери ушул оору менен алышып келет. Ушул күнгө чейин Кыргызстанда дарыланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрдү. Оорусуна байланыштуу жумушунан пенсияга чыккан. Ага чейин ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөдү. Ушул жылдын сентябрь айынан баштап оорусу күчөп ракка айланып кетти. Мындан улам бул жактагы дарыгерлер тез арада чет өлкөгө алып барып операция жасатуу керектигин айтышты. Операция жасатуу үчүн Индиядагы клиникалар менен сүйлөштүк, бирок каражаттын жоктугунан айлабыз кеткенде кайрымдуу кыргыз элине кайрылууга аргасыз болдук.

Көп түкүрсө көл болот дегендей, кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайбыз", - дейт Досбаевдин тууганы.

Съездбек Досбаевге жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышсаңыздар болот. Мбанк: 0702 38 37 88, байланыш номери: 0703 60 78 64.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан