Баткенде Тажикстан кыргыз тарапка кайрадан ок чыгарып жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.
Кабарлангандай, тажик тарап Баткен районунун Достук, Ак-Сай жана Лейлек районунун Арка аймагында ок чыгарууда. Бирок УКМКнын Чек ара кызматы бул боюнча азырынча маалымат бере элек.
Буга чейин эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин башчылары "Тынчтык" протоколуна кол койгонун кабарлашкан.
Эскерте кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга болгон агрессиясы 14-сентябрда башталган. Анын кесепетинен 59 жаран мерт кеткен.
Кечээ күнү президент Садыр Жапаров БУУнун 77-сессиясынын жалпы дебаттарында Тажикстандын масштабдуу кол салуусун дүйнө коомчулугунун алдында билдирген болчу.