Баткенде октун атылышы боюнча Чек ара кызматы билдирүү таратты

Саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылган.

Ал эми Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Мындан сырткары УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Баткен районунун Достук жана Ак-Сай айылдарында, Лейлек районунун Арка аймагында ок атышуу болуп жатканын жазышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан