Жалал-Абадда окуучулар тарабынан топтолгон 12 миң 720 сом акча каражаты Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунда турак жайы өрттөнгөн үй-бүлөгө берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
"Шаардагы Кадыр Закиров атындагы №2 орто мектебинин окуучулары Баткенге жардам чогултуу үчүн атайын кутуча орнотуп, ага ыктыярдуу окуучулар акча салышкан. Топтолгон акчаны мектеп директору Нуриса Мараимова чек арадагы чырда үйү өрттөнгөн үй-бүлөгө тапшырды", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Кабарлангандай, учурда ал үй-бүлө шаардагы турак жайлардын биринде убактылуу жашап жатат. Алардан шаар мэри Эрнисбек Ормоков өзү да кабар алып, зарыл болгон бардык каражаттар, азык-түлүктөр менен камсыздоо тапшырмасын берген.