Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга көңүл бурууга үндөдү

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин армиясын чыныгы согушка даярданууга көңүл бурууга үндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

“Ийгиликтүү реформалоо тажрыйбасын абийирдүүлүк менен жалпылоо жана колдонуу, жаңы кырдаалды өздөштүрүү жана согуштарга даярданууга көңүл буруу керек", - деген Кытайдын төрагасы.

Конференцияга Кытайдын Борбордук аскердик советинин, элдик куралдуу милициянын жана аскердик окуу жайларынын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан.

Си Цзиньпиндин буйругу Тайвандын айланасында кырдаал курчуп кеткен фонунда чыгарылган. Буга чейин Пекин өз мамлекетинин суверенитетин коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин билдирген. Мындай билдирүү АКШнын президенти Жо Байдендин "Тайванды коргоо үчүн америкалык аскерлерди колдоном" деген убадасына жооп катары жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан