Бишкектеги "Кудайберген" базарында чыккан өрттүн кесепетинен унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Кабарлангандай, өрт саат 17:45те чектөөгө алынды.
"Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен аны өчүрүүгө саат 16:03төн тарта ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылды", - деп айтылат ведомствонун маалыматында.
Мындан сырткары шаардык мэриядан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ жана "Тез жардам" кызматы тартылды. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.