Таластагы жол кырсыгынын кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралу SUPER.KG порталына Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жол кырсыгына кабылгандардын арасында аскер кызматкерлери да бар.
“Кечээ күнү саат 14:00 чамасында Таластын Манас районунун Кеңеш айылында Тараз-Покровка-Кайынды автожолунун 1,5-чакырымында Фольксваген-Пассат жана Зил-130 үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыгынан 2001-жылы туулган С. Б. аттуу жаран каза болуп, дагы эки жаран жабыркаган. Алар: Фольксфаген-Пассат унаасынын жүргүнчүсү, 1995-жылы туулган Э.А. жана Зил-130 унаасынын айдоочусу, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну 2002-жылы туулган Х.А.
Жол кырсыгынын себеби такталууда. Азыркы учурда Манас РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.