Бийлик Баткенде эвакуация болгон элди үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев эвакуация болгон тургундарды азырынча үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды.
Анын айтымында, учурда тажик тарап кол салып, талкаланган аймактарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Анын ичинде мектеп, бала бакчалар, элдин турак жайлары бар. Ошондой эле чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери уланып жатканы айтылды.
"Андыктан баарыңыздарды дүрбөлөң салбоого чакырып кетебиз. Облустун чек ара аймактарында абал туруктуу. Социалдык тармактарда айтылган ок атуулар боюнча маалымат чындыкка дал келбейт", - дейт Туллаев.
Эске салсак, Тажикстандын агрессиясынан улам Баткенден жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан