"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору болуп Алтынбек Рысбеков дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул кызматты Медетбек Жумаев аркалап келген.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК – электр энергиясын өлкө боюнча турак жайларга жана ири өнөр жай керектөөчүлөрүнө ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания. Ошондой эле ишкана Кыргызстандын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү жана диспетчердик башкарууну ишке ашырган системалык оператор болуп саналат.