Баңгизаттарга каршы программа жана 2022–2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Министрлер кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасы жана 2022–2026-жылдарга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кабарлангандай, аталган чечим калктын баңгизаттарга көз карандылык деңгээлин жана ага байланышкан терс кесепеттерди азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 1994-жылы Кыргызстан 1961-жылдагы баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенцияга, 1971-жылдагы психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана 1988-жылдагы баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун конвенциясына кошулган.

БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуу менен Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган саясий принциптерди жүзөгө ашырып, ошондой эле баңги каражаттары боюнча комиссиянын чечимдерин, баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин жана дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетектөөчү принциптерин колдонот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан