Бүгүн, 22-сентябрь күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келген Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу, коркутуу, кемсинтүү жана аңдуу учурлары акыркы күндөрү болушу мүмкүн деген билдирүүсүн жарыялаган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги атайын билдирүү таратты. Анда тажик тарап жалган маалыматтарды таратып жатканы белгиленет.
"Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп, аны менен кошо өздөрүнө өздөрү карама-каршы пикир жаратып жатканын белгилейбиз", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок.
Ошол эле учурда министрлик Ош облусунда белгисиз адамдар улуттук касташуу максатында “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.
Социалдык тармактарда Давронбек Насибхонов өзүнүн пикирин билдирген. Ал билдиргендей, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында анын атын дагы кошуп, этникалык тажик (аял киши катары) катары көрсөтүп, “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы деп белгилешкен.
“Бирок мен эркекмин жана бул жалпыга маалымдоо каражатына эч кандай тиешем жок. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менин атымды саясий максатта колдонуусун каалабайм. Бул өлкө менен мени эч нерсе байланыштырбайт”, - деп ал өзү жазган.
Мындан сырткары Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алган 500 студентти Тажикстандын жарандарын өз өлкөсүнө депортациялоо пландалып жатат деген маалымат да тастыкталган жок.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда", - дейт министрлик.
Ошону менен бирге атайын кызмат акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилеген.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин улуттук белгилер боюнча кысымга алуу билдирүүлөрүн жалган экенин билдирет.
"Биз, дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын тышкы саясий түзүмү тараткан бурмаланган маалыматтарды эмес, тастыкталган маалыматтарды алуулары керектигин эске салабыз", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.