Кыргызстандын ички дүң продукциясы жылдын 8 айында 506 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 37,5 миллиард сомго же 8 пайызга көп", - деп айтылат маалыматта.
Кабарлангандай, өндүрүш тармагында жыл башынан бери 266 миллиард сомго продукция чыгарылды. Бул былтыркы жыйынтыкка салыштырмалуу 41 миллиардга же 18 пайызга көп.
Өсүү темпи курулуш, айыл чарба, соода тармактарында да байкалган.