Улуу Британиянын Лондон шаарында тынчтык митинги өттү. Ага ошол жакта жашаган кыргыздар жана жарандык активисттер катышты. Митинг учурундагы сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда иш-чаранын катышуучулары Тажикстандын өкмөтүнөн тынчтык жана цивилизациялуу жол менен саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр, жалпы таанылган эл аралык эрежелердин негизинде чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо жолу менен чечүүнү талап кылышты.
Мындан сырткары адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана ар бир кыргыздын үйүнө тынчтык, бейпилдик кайтаруу максатында Эмомали Рахмондун жасаган кылмыштуу аракеттерин айыптоо үчүн дүйнө коомчулугуна, анын ичинде БУУнун коопсуздук кеңешине кайрылуу жасашты.
Ошол эле учурда кыргыз аскерлеринин жасап жаткан эрдигине таазим этишти.