Кожомкул атындагы спорт ордосунда тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен эли үчүн гуманитардык жардам чогултуу уланууда.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, 16-сентябрдан 22-сентябрга чейин бүгүнкү түшкөн гуманитардык жардамды эсепке албаганда 406,3 тонна азык-түлүк жана эң керектүү товарлар топтолгон.
Ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча республикалык штабга орнотулган терминалдар аркылуу Баткен элине жардам көрсөтүүнүн атайын эсебине 3 миллион 735 миң 146 сом түшкөн.