ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: Мамлекеттик тил күнүнө 33 жыл

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз өлкөсүндө Мамлекеттик тил күнү.

Совет мамлекети ураардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган. Кыргыз өлкөсүндө да демократиялык көз караш кеңири тараган.
Улуттук интеллигенция тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан.
Мындан туура 33 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
23-сентябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан