Көк бөрү оюну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди

Түркиянын Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, көк бөрү спортчулары машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө даяр. Оюнчулар 28-сентябрда учушат.

Мындан сырткары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт. Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу катышат.

Буга чейин Түркия тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көкпарды негизги оюн катары белгилеп, ордо, эр эңиш жана кыргыз күрөштү алып салганы айтылган болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан