Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда өлкө башчы акыркы окуяларга байланыштуу пикирлери тууралуу ой бөлүшкөн.
Журналист мамлекет башчысына "Интернетке сиздин уулуңуз Рустам жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыкты. Ал жакка кандай максатта барышты? Депутаттардын дагы аскер кийимдерин кийип Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыккан, бул ошондой пиар эмеспи?" деген суроо узаткан.
"Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт", - деп жооп берген Жапаров.