"Рустам балам Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир". Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди бошотуу боюнча оюн айтты

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотуу боюнча оюн билдирди.

"Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып жатышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коёлучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим. Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек", - деп жооп берген Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlan_87
2022-09-23 12:27:00
Атамбаев мыкты президент болгон
-5
Kyrgyzstandykmyn
2022-09-23 13:42:00
erlan_87 деп койдунда эми! Же тууганын болот. Мумкун сен учун мыкты президент. Элди карызга батырган Атамбаев болот!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан