Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 14 миллион 75 миң 533 сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан облустук капиталдык курулуш башкармалыгында Сары-Ой айылындагы «А.» ден соолукту чыңдоо комплексине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын мыйзамдуулугу текшерилди.
Анын жүрүшүндө башкармалыктын кызмат адамдары мыйзам талаптарын одоно бузуп “О.Т.С.” ачык акционердик коому тарабынан тапшырылган актыларда көрсөтүлгөн иштин көлөмүнүн аныктыгын текшербестен, акча каражаттарды төлөп жүрүшкөндүгү аныкталган. Ошондой эле курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери толук аткарылбай, бюджеттик каражаттар мыйзамсыз которулуп берилип келген.
Жыйынтыгында Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 14 миллион 75 миң 533 сом зыян келтирген.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 379 (документтердин жасалмасын жасоо) беренелери менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.