Баткенде эвакуация болгон жарандар туруктуу жашаган жерине кайтып келүүдө

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрүн таштап кеткен 13 миң 757 жаран туруктуу жашаган жерине кайтып келүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Маалымдалгандай, тажик тараптын куралуу кол салуусу учурунда облус аймагынан жалпы 136 миң 770 адам эвакуация болгон. Анын ичинен 113 миң 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө эвакуацияланган, 4 миң 671и атайын эвакуациялоо пункттарына жайгаштырылса, 4 миң 539 жаран башка аймактарга чыгып кеткен.

Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 59 адам мерт кеткен. Алардын 40ка жакыны аскерлер болсо, калганы жай тургундар. Жабыркагандардын саны 198ге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан