Баткенде мамлекеттик жана коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат

Баткен облусунда чек арага жакын аймактардан тышкары жайгашкан мамлекеттик жана коммерциялык банктар, алардын филиалдары жана сактык кассалары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги брифингде Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Акмал Раззаков билдирди.

Кабарлангандай, учурда чек арага жакын айылдардагы сактык кассаларынын иши убактылуу токтоп турат. Себеби имараттары талкаланып, ичиндеги буюмдары тонолуп кеткен.

Учурда тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам банк системасына келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат.

"Чек арага жакын жайгашкан Борбордук, Ак-Сай, Кулунду, Интернационал айылдарындагы сактык кассалар жана банктык жабдуулар, банкоматтар талкаланып, тонолгон. Учурда банктын имараты таптакыр күйүп кеткендиктен жана интернеттин жоктугунан иштебей турат”, - деди Раззаков.

Ошол эле учурда насыялары бар жабырлануучуларга жеңилдиктер берилип, алган насыялары жокко чыгарылышы мүмкүн экени да кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан