Орунбеков: "Баткенден качып келгендер көчөдө калды деген маалыматтар жалган"

Баткенден качып келгендер көчөдө калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Урматтуу достор, тактабай жазаардын алдын моралдык жоопкерчиликти эске алыңыздарчы. Биз ушул жерде турабыз, жумуш жүргүзүлүп жатат. Убактылуу жайгаштыруу жайлары даярдалып, алып кетүү үчүн автобустар уюштурулду", - деди Орунбеков.

Ал отургандардын көбү менен жеке сүйлөшүп чыккандыгын билдирди.

"Айрымдары “туугандарыбыз келсе алып кетели” деп келгендер экен. Интернеттеги маалыматтарды бөлүшкөндөр, дивандан туруп бул жакка келиңиздер!", - деп жазган Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан