Снаряд байкасаңыз дароо бизге кайрылыңыз! Милиция үйлөрүнө кайткан баткендиктерге кайрылды

"Снаряд байкасаңыз дароо бизге кайрылыңыз" дейт ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов брифингде Баткендеги учурда абал тууралуу айтып берип жатып.

“Биргелешкен ыкчам тергөө топтору талкаланган имараттарды жана турак жайларды кароо жүргүзүү ишин улантууда. Айыл аймактарына айрым үй ээлери айылдарына, үйлөрүнө кайтууда. Учурдан пайдаланып, ошол айылдарга келген жарандарга эскертип кетели, айыл ичинде же короодо, үйдө жарылбай калган снаряддар же шектүү буюмдарды байкасаңыздар, өз алдынча чара көрбөй, ал нерселерге жакын жолобой дароо кайгуулда жүргөн топторго же иш алып барып жаткан ыкчам топторго билдирсеңиздер”, - дейт Исмаилов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Баткенде милиция кызматкерлери күнү-түнү биргелешкен кайгуулдарын жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан