"Үйүңүзгө кайтпай туруңуз!". Милиция баткендиктерге кайрылды

Баткенде текшерүү иштери бүткөнгө чейин кары-картаң, аял кишилер жана балдар үйлөрүнө барбай турсун. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов брифинг учурунда билдирди.

“Толук текшерүү иштери бүткөнгө чейин коопсуздук жана текшерүү иштерине жолтоо болбош үчүн кары-картаңдар, аялдар жана балдар эвакуация болгон жерлерде болуп турушсун. Зарылчылык болсо үйлөргө кожоюндар эле келип турса деген сунушту берет элек”, - дейт Исмаилов.

Ошол эле учурда Нурлан Исмалиов жарандарды социалдык тармактарда рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат.

“Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”, - деди Исмаилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан