Коңшу Тажикстандын аскер кызматкерлери туткунга алып алган кыргыз аскеринин видеосу буга чейин социалдык тармактарга тараган.
Видеодогу аскер кызматкери буга чейин Гүлжигит Бектенов аттуу аскер кызматкери экени айтылган. Бирок SUPER.KG порталына өздүк булактар видеодогу аскер 27 жаштагы Адилет Санарбек уулу аттуу аскер кызматкери экенин такташты.
Өздүк булак билдиргендей учурда Адилет Санарбек уулу Баткен облусундагы ооруканада. Ал 19-сентябрда туткундан бошотулган.
Ал жакынкы күндөрү Бишкек шаарындагы ооруканага которулат.