“Блогер, акылдуусунуп акыл үйрөткөн жаштардан суранарым, акыл үйрөтпөй эле койсоңор” деди президент Садыр Жапаров бүгүнкү берген маеги учурунда.
“Айрымдары ансыз деле жасалып жаткан иштерди «минтип койбойсуңбу же тигинтип койбойсуңбу» деп акыл үйрөтүп киришет, өзүнөн сурасаң же жогорку билими же тажрыйбасы жок. Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат. Анан эле интернетте олтуруп алып акыл үйрөтүшөт”, - деди Жапаров.
Президент Баткен боюнча акыл үйрөткөндөр көп болгонун, анын баары ансыз деле жасалып бүткөн же жасалып жаткан иштер экенин белгиледи.