Тажик тарап 16-сентябрда Баткен чек ара отрядынын “Тамдык” чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылап, кол салган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берген. Ошондой эле аскер кызматкерлерине душмандын күчтөрүнүн үстөмдүгүнө карабай салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.
Массалык аткылоонун натыйжасында, “Тамдык” чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган. Учурдан пайдаланып тажик тарап заставанын аймагын тазалоого аракет кылган.
УКМКнын Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.
Учурда чек ара заставасынын аймагы Кыргызстандын көзөмөлүндө.