Лейлек: 16 мектеп жана 15 бала бакча убактылуу иштебей турат

Баткендин Лейлек районунда 16 мектеп жана 15 бала бакча убактылуу иштебей турат. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов билдирди.

Маалымдалгандай, учурда Лейлек районунда жана чек арага жакын аймактарда абал туруктуу. Райондун аймагында жалпы 66 мектеп жана 53 бала бакчанын ичинен 50 мектеп жана 38 бала бакча толук иштеп жатат. Ал эми чек арага жакын айылдарда 16 мектеп жана 15 бала бакча ишин убактылуу токтотуп турат, окутуулар онлайн жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары эвакуация болгондорго гуманитардык жардам жеткирүү, күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча бизде көйгөй жок экени айтылды. Ал эми жабыркагандарга Бишкектен жана Оштон келген дарыгерлер медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүп жатат.

"Лейлек районунда 102 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 айыл өкмөттүн имараты толугу менен, 1 ФАП, 34 дүкөн, 1 менчик медициналык клиника, 5 ашкана, 1 соода борбору, 2 кампа жана 2 дарыкана зыянга учураган. Учурда райондун аймагында сапёрлор тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө, 80 пайызга тазаланып калды", - деди Рахманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан