"Орус тилин билбегени үчүн шылдыңдашты". Жогорку окуу жайлардагы кыргыз тилинин абалы

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 33 жыл болду. Бирок эмне үчүн бул жыл аралыгында кыргыз тили илим-билимдин тили болбой жатат? Бүгүнкү күндө кыргыз тилинин абалы кандай? Билим берүү мекемелеринде кандай деңгээлде колдонулуп келет? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп, SUPER.KG порталы кыргыз тилдүү мектепти аяктап, кийин жогорку окуу жайларда орус тилинен кыйналган студенттерди кепке тартты.

Алардын айтымында, айрым жогорку окуу жайларда сабактар кыргыз тилинде окутулбайт. Дээрлик бардык сабактар орус тилинде өтөт. Мындан улам тил көйгөйүнө кабылган студенттердин саны көп. Айрым каармандарыбыз маселе кыргыз тилдүү мугалимдердин жетишсиздигинде дешсе, айрымдары студенттердин тартынып, кыргызча сүйлөгөндөн уялганында дешет.

Алгач өлкөдө канча мектеп кыргыз жана орус тилинде билим берет деген суроого жооп берсек. Улуттук статистикага таянсак, өлкөдө 2333 жалпы билим берүү уюмдары иштейт жана анын ичинен окутуу тилдери боюнча:

- 1399 мектеп кыргыз тилинде;

- 247 мектеп орус тилинде;

- 28 мектеп өзбек тилинде;

- 3 мектеп тажик тилинде окуу процессин жүргүзөт.

Жамал (аты өзгөртүлдү) үч жыл мурда кыргыз тилдүү мектепти аяктаган. Учурда медицина тармагында билим алып жатат. Анын айтымында, окуу жайларда колдонмо кыргызча китептер жетишсиз. Мындан улам орус тилинде китептерди окуп, жооп берүүгө туура келет.
Өзүм кыргыз тилдүү мектепти аяктагам. Окуу жайга тапшырганда орус тилинен кыйналдым. Жакшы эле кыйналдым десем болот. Өз оюмду толук жеткире албай, сөздөрдү туура эмес айтып аламбы деп коркчумун. 1-2-курстарда мугалимдер лекцияны бат-баттан окушчу, биз жазганга жетишпей, бири-бирибизден көчүрүп жазчу элек. Азыр деле убагында жазганга жетишпейбиз. Себеби орус тилинде маалыматты кабыл алуу кыйынга турат, айрым сөздөрдүн жазылышын да билбей калабыз. Ал эми жооп бергенге келгенде лекцияларды окуп, түшүнгөнүбүздү кагазга жазып алып, аны жаттап анан айтып берчүбүз. Мугалимдер орусча жооп бер деп кыйнабайт деле. Болгону студенттерден тартынуу, уялуу деген болот экен. Башкалар орус тилинде жооп берип жатышса, демек мен деле орусча жооп берем деп ойлошот. Анткен менен сабактагы бардык маалымат, китептер орус тилинде, аны кыргызча которгон кыйынга турат жана убакытты талап кылат. Менимче, маселе өзүбүздөн. Анткени мектеп учурунда эле орус тилин үйрөнүп алсак болот да. Бирок мугалимдер да окуучуларга жогорку деңгээлде орус тилин үйрөтүшпөйт. Ал жакта алган билимибиз университетте билим алуу үчүн жетишсиз.
Айдай Мелисова, быйыл Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин аяктады. Азыркы тапта өз кесиби менен иштеп жаткан учуру.

Айылдан мектепте окуп жүргөндө көбүнчө орус тилиндеги китептерди окуп, орусча кинолорду көргөнгө аракет кылчумун. Ал жактан бирөө-жарым менен орусча сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк деле жок да. Курбу кызым экөөбүз орусча сүйлөшкөнгө аракет кылып жүрдүк. Анткени шаарга барганда тилден кыйналарымды түшүнгөм. Билгенимдей эле мен тапшырган окуу жайдагы сабактардын баары орус тилинде болот экен. Башында орус жана кыргыз тайпасы деп өз-өзүнчө болот го деп ойлогом, андай болгон жок. “Манас таануу” жана кыргыз тили сабагынан гана кыргызча сүйлөшчүбүз.

Эң биринчи күнү группалаштарым менен жолукканда аябай жаман болгом. Анткени дээрлик баары орусча сүйлөшүп, жакшы окугандар экен. Мен, анан дагы бир кыз айылдан болчубуз, экөөбүз эле орусча жакшы билчү эмеспиз. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөр жок болгондуктан берки кыздар менен орусча сүйлөшүп баштадым. Орусча ката сүйлөгөнүм менен алар оңдоп турушчу, көп практика кылдым. Өзүм туугандарымдын үйүндө жашачумун. Ал жактан тууганым менен дайыма орусча сүйлөшчүмүн. Сабактан деле тартынбай орус тилинде жооп бергенге аракет кылып жүрдүм. Ката кетиргенден коркпойт элем. Ошентип эле үйрөнүп алдым.

Менин оюмча, 1-курста сабактардын көпчүлүгү кыргыз тилинде өтүшү керек. Маселен, абитуриенттердин 70-80 пайызы региондордон келишет. Алар кыргыз тилдүү мектептерди аякташкан да. Ошентип алар 1-курс болору менен эле орус тилге өтүп башташат. Мындан улам студентте тартынуу пайда болуп, сабактарда билген нерсесин деле айтып бере албай кыйналышат. Айрымдары орус тилин билбегендин айынан университетке да барбай коюшат. Ошентип окуудан да тажай башташат. Мындан улам өлкөдө кадр кризиси келип чыгат. Өз ишин мыкты билген адистердин жоктугу ушуга байланыштуубу бейм. Бирок студенттер кыргыз тилинде сүйлөп, жооп бергенден уялбашы керек деп ойлойм. Сабакта кыргызча жооп берсең болот да, анын эч кандай шылдыңы жок. Мындан сырткары маселе жогорку окуу жайларда кыргыз тилдүү мугалимдердин жетишсиздигинде деп ойлойм.

Жаңыл (аты өзгөртүлдү) быйыл борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти болду. Ал тил көйгөйүнө кабылгандардын бири. Айтымында, университетке алгачкы барган күнү орус тилин билбегендерди тайпалаштары шылдыңдашкан.
Университетке алгачкы барган күнүм кызыктуу өттү. Бирок коркконум тайпада төртөөбүз гана алыскы региондордогу кыргыз тилдүү мектептерди аяктагандардан экенбиз. Экөө Баткенден келишиптир, такыр орусча түшүнүшпөйт экен. Өздөрүн тааныштырганы келгенде кыргызча тааныштырышты. Алар сүйлөп жатканда башкалар "орусча үйрөнгүлө да, бул жактан эч ким кыргызча сүйлөбөйт" деп шылдыңдашкан. Кураторубуз өзү кыргыз, бирок орусча сүйлөгөн эже экен. Азыр бардык предметтер орусча болуп жатат, кыргызча оюңду айта албайсың. Айткың келип жатса да, жеткиликтүү кылып түшүндүргөнгө сөз байлыгың жетпейт. Бирок мугалимдер "эгер кыйналсаңар, кыргызча деле жооп бергиле" дешет. Бирок башкалар шылдыңдайт деп кыргызча сүйлөгөндөн тартынышат.

Жаңыл өз көйгөйүндө жалгыз эмес.

Негизи жогорку окуу жайда орус тилинде билим алуу кыргыз тилдүү мектепти аяктагандар үчүн кыйынга турат. Лекциялар дээрлик орус тилинде өтөт. Практикалык сабактар же сессия учурунда билип турсаң деле оюңду толук жеткире албай начар баа алып, кейип кала бересиң. Кээде бир нерсени туура эмес айтып аламбы деп тартынып, унчукпай койчумун. Айрым мугалимдер кыргызча түшүнүшпөйт. Ошондо “эмне үчүн мен бул нерсени кыргыз тилинде эмес орусча окушум керек? Андай болсо орус тилдүү мектептерди аяктагандар кыргызча окуса болбойбу?” деп ойлой берем", - дейт студенттердин бири Ырыс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AiKur
2022-09-23 23:24:00
Тажик тилинин кимге кереги бар?
+1
eddi.
2022-09-24 11:35:00
Орус тилин мындай кой,кыргыз болуп кыргыз тилин билбегендери канча
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан