Бүгүнкү маегинин алкагында президет Садыр Жапаров кадр маселесине токтолуп, октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам, бирок тажрыйба жок өздөрү да кыйналып, мамлекетти да кыйнай турганын айтты.
"Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат? Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле "ии, мен министр болууга даяр экенмин" деп ойлобош керек. Министрлик бир күнөскана менен эле чектелбейт", - деди Жапаров.
Президент эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып өзү чакырганын билдирди.
"Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсиңер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда. Акылбек Үсөнбековичке “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы", - деп айткам деди президент.