Президент Садыр Жапаров бүгүнкү маегинде Кыргызстандын алтынынын тагдыры тууралуу талкууларга токтолду.
"Өткөн жолу да айттым, азыр дагы кайталайм. Жогорку Кеңештин тийиштүү комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүүгө толук укугу бар. Буга эч ким тоскоолдук кылбайт. Мен төрагага комиссия түзүүсүн айтамын. Божомолдорунун чын же жалган экенин текшергенден кийин коомчулукка айтышсын. Текшерүүгө коомдук активисттер, өзгөчө, алтын тууралуу түшүнүгү жок блогерлер чакырылсын. Эгерде алар бардыгын билсе, анда бул теманын айланасындагы ызы-чуу токтойт. Мен дароо айтам: тонналап айтпай эле коёюн, жок дегенде бир килограмм алтынды уурдап кеткени билинсе, мен аны түрмөгө камап, менин тууганымбы же досумбу деп карабайм. Уурдалган акча он эсе кайтарылат. Ошондуктан мен бийликте турганда алтынды уурдаса болот деп ойлобогула", - деди Садыр Жапаров.