"Мугалимдер күнүндө акча чогултууга болбойт". Билим берүү министрлигинин билдирүүсү

Билим берүү жана илим министрлиги "Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" буйрук чыгарды.

"Жаңы чакырыктар - жаңы горизонттор" 5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүндө иш-чаралар дал ушундай аталыш менен өткөрүлөт.

"Социалдык тармактарда куттуктоо конкурсу, челлендж, “Менин мугалимим” флешмобу, эмгек сиңирген ишмерлердин инсандык өнүгүүдөгү мугалимдин ролу жөнүндө аңгемеси, “эгерде мен мугалим мугалим болсом" темасына эсселер, мектеп, мугалим жөнүндө ырлардын фестивалы, жогорку класстын окуучуларынын педагогикалык окуу жайлардын жана ЖОЖдордун мугалимдери менен жолугушуулары, концерт, театрлаштырылган оюн-зооктор өткөрүлөт", - деп айтылат ведмоствонун билдирүүсүндө.

Буйрукка ылайык, райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

- иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоону камсыз кылуу;

- майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга жол берилбестигине көңүл буруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан