Президент: "Каражат жетиштүү. Тажикстандын кол салуусунда талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин калыбына келтирилет"

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин калыбына келтириле турганын билдирди.

"Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет. Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы, баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт", - деди президент Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kg-04
2022-09-24 06:04:00
Коргоо министри айтуусуна ылайык тадиктердин кол салуусун алдын ала билгенбиз бирок мынча масштабда болоорун ойлогон эмеспиз деп атат билсенер ошондо эле Баткенге кошумча кучторду тартпай беленер адамдардын омуру биринчи денгелде болуш керек бул халатность учун коргоо министри гкнб отставкага кетсин колдон келбей атса кетириш керек
+2
Jacob.
2022-09-24 09:01:00
Kg-04 тууганым, кошумча кучторду тартканы учун аскер адамдары каза болду, гражданскийлер эмес, карапайым элди оз убагында алып чыгып кетишти го.
-1
u02u02
2022-09-24 15:53:00
Jacob. Доодуробочу. Ким эвакуация кылды коргондой суйлойсунда. Эл озун озу эвакуация кылды мен ошол жерде жашайм кошумча куч жок 6 аскерибиз тажиктин 60 аскер 6 БТРи менен салгылашканга туура келди. Бул булардын дежур создору былтыркы согуштада ушуну айткан билгенбиз деп. Анан эмне биз лохпуз деп айтмак беле. Кошумча кучторубуз болгондо баары башкача болмок. Мен деле Садырдын колдоочуларынанмын бирок анализдесем ойлонсом ушулар бийлике келгенден бери тажиктер бизге агрессия кыла баштады
+1
Antiradikal11
2022-09-24 19:39:00
Тажиктер талкалап, бул куруп журуп 5 жыл отот экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан