Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 95-жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ форматындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде пайда болгон көйгөйлөргө биргелешкен чаралардын тизмесин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктары боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер бар, алар келечекте КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кароосуна коюлат.
Касымалиев өз сөзүндө биздин өлкөлөрдө иштеген жарандардын жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын ичинде жөнөкөйлөштүрүлгөн каттоо жол-жобосун түзүү зарылчылыгы маселесине өзгөчө көңүл бурду.
Андан ары министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жыйындын катышуучуларына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берди.
"Белгилүү болгондой, 1991-жылдын 21-декабрында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 11 жаңы көз карандысыз мамлекеттин башчылары «Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин түзүү жөнүндө» Алмата декларациясын кабыл алышкан. Бул декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана азыркы чек аралардын кол тийбестигин тааныйт жана сыйлайт деп жазылган. Тилекке каршы, 2021-жылы жана 2022-жылы тажик тарап буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды экинчи ирет бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салган. Бул окуялардын кесепетинен былтыр Кыргызстандын – 36 жараны, быйыл 59 жараны курман болду. Чек арага жакын жайгашкан конуштардан 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун, анын ичинде аялдар, балдар жана карылар эвакуацияланган. Өткөн жылы калыбына келтирилген турак жайлар, административдик имараттар, мектептер, чек ара заставалары кайрадан талкаланган. Келтирилген зыянды баалоо боюнча атайын комиссиянын 20-сентябрга карата маалыматы боюнча, 364 турак жай, 168 тиричилик объектилери, 10 мектеп, 7 бала бакча талкаланган", - деди Адылбек Касымалиев.
Мындан сырткары ал азыркы учурда Кыргызстан каржылык ресурстарды Тажикстандын каршы куралдуу агрессиясынын учурунда талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө багыттап жатканын, бирок бул ресурстарды экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн жумушчу орундарды түзүүгө багыттоо мүмкүн болгондугун кошумчалады.