Бүгүн, 24-сентябрда өтө турган Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттешине карата милиция эскертүү жарыялады.
"Оюндун катышуучулары, күйөрмандар жана фанаттар коомдук тартипти сакташы керек, эгер улут аралык кастыкты козутуу жана башка кандайдыр бир чагымчыл аракет көрүү фактылары же ээн баштык аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Коопсуздукка коркунуч жараткан жагдай түзүлсө же шектүү буюмдар аныкталса, дароо 102 номерине телефон чалуу керектиги эскертилди.
Кыргызстан менен Орусиянын футбол беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 24-сентябрда кечинде өтөт.