Орунбеков: "Сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылды"

"Президенттин сөзүн бурмалап, "бүтүндөй блогерлердин эмгегин жокко чыгарды" деп айтып жатасыздар. Андай эмес, бул сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылды", - дейт президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал соңку оор сыноону эл ынтымак менен бирге өткөргөнүн, жарандарыбыз тынч күндөрү ар кандай пикирдеги көз караштардын тарабында болгонуна карабай, оор кырдалда бир муштумга түйүлө бириккенин дагы бир жолу көрсөткөнүн жазган. Ал эми активдүү коомдун өкүлдөрү ушул күндөрү мекенчилдик сезимдери менен берилип иштегенин, алардын ар биринин эмгеги жогору экенин белгилеген.
"Ошол эле кезде, керек эмес учурда туура эмес, душманга жага турган, өлкөнүн стратегиялык сырларын коомчулукка алып чыккандар болду. Куралдуу кол салуу болгондо коргонуунун мүмкүнчүлүгү, согуштук техникалардын саны, азык-түлүк запасы купуя болушу зарыл. Бизде, тилекке каршы, азык-түлүктүн запасы, ал сакталып турган кампа, эмнелер бар экенине чейин тартып жарыялап салышкандарды көрдүңүздөр? Бул душманга колтук ачуу, сырды жарыялоо, оор мезгилде мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө шек жаратуу, элди дүрбөлөңгө түртүү эмеспи?! Ушундай блогерлерге рахмат айтып, чекесинен өөп, башынан сылаш керек беле?! Атышып, аскерлер окко учуп, элибиз башка жактарга көчүрүлүп турган оор, кыйын кезде душман ар бир кадамыбызды акмалап турганда мындай кемчилик, артыкчылыктарды айтып жарыялоонун өзү кооптуу эмеспи?", - дейт Орунбеков.
Ошол эле учурда бир муштумдай бириккен калайык журтка, активдүү жарандарга, ак ниеттүүлүк менен мекенге кызмат кылган ар бир блогер, ыктыярчылардын эмгегине президент баш болуп жалпы эл-журт ыраазы экенин баса белгилеген.
"Сөзсүз аларды кадырлап сыйлап алабыз", - деп билдирүүсүн жыйынтыктаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-09-24 19:38:00
Сен калдын эле кочугун аарчыбаган.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан